Azattyk+
13/12/2025
Аким Өзгөндү эскерүү
Бүгүн маркум Аким Өзгөндүн (13.12.1953--27.3.2017) тууулган күнү эле...
Барпы уулу Өзгөн өз үй-бүлөсү менен бирге XX кылымдын башында кыргыз коомунун бир кыйла өкүлдөрү баштан кечирген бозгундук азап-тозокту көрүп, Өзгөндөн Чыгыш Теңир-Тоого жана андан ары Пакистан жергесине көчүп барган. Ал - эгеменчилер кыймылынын өкүлү болчу.
Барпы ата Пакистанда 1953-жылы 13-декабрда перзенттүү болуп, атын Аким койгон.
Барпы ата жана башка тууган-туушкандары ал жактан Түркия жумуриятына келип жайгашып калышкан, бирок азыркыга чейин Пакистанда кала берген туугандары да бар.
Ата-энеси Түркияга келген соң, ал Түркиянын атуулдугун алган. “Өзгөн” деген тегатты алганда, Аким өзүнүн ата-бабасынын жерин өмүр бою таберик кылып эстеп жүрүү үчүн тандаган. Агасы Хамид Өзгөн (кыргызча Каамыт Өзгөн) жана бир катар башка тууган-туушкандары да ушул тегатты сыймык менен алып жүрөт.
Түркия Барпынын бүлөсүнө башпаана гана бербестен, билимге, кесипке ээ болуп, атуулдук бардык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууга да шарт түзгөн экинчи Ата Журт болуп калды.
Аким аганын иниси Аруун Барпы Түркиянын аскеринде маал-маалы менен кызмат өтөгөндүгүн айтканы эсимде.
1980-жылдардан тартып Аким Өзгөн башкеңсеси Германиянын Мүнхен шаарында жайгашкан “Эркин Европа /Азаттык” үналгысынын Кыргыз кызматында (“Азаттык” үналгысында) иштей баштаган. Бул кызматтын директору Азамат Алтай 1988-жылы ардактуу эс алууга кеткен соң, кыргыз тили так, шыктуу Аким Өзгөн ордуна “Азаттык” үналгысынын жетекчиси болуп дайындалган.
Дал ошол доор – Кыргызстанда Кайра куруулар доорунун күрдөөл кезеңи болчу.
Аким Өзгөн деректир болуп турган чагында (1989-95), “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын тиешелүү тилдердеги кызматтарынын (редакцияларынын) жетекчилеринин ичинен ал алгачкы болуп өз тарыхый мекенине расмий сапар менен келген. Балтика боюндагы өлкөлөр үчүн иштеген кызматтардын биринин башчысы бир ирет жалпы “Азаттык” боюнча өзү биринчи болуп СССРге барганын айтканда, мен ага түзөтүү киргизгеним эсимде: мындай биринчи жетекчи – кыргыз болчу, Аким Өзгөн мырза болчу! Бул маалыматты Аким аганын өзүнөн да тастыктагам.
Аким Өзгөн 1989-жылы августта Ала-Тоого келген, ал эми Балтика боюндагы алиги кызматтын деректири сентябрда барган.
Аким байкенин алгачкы ирет Ала-Тоого келишинин максаты ‑ 1989-жылы август-сентябрда демократ акын Токтогул Сатылган уулунун 125 жылдык торколуу тоюна катышуу эле. Аким Өзгөн мырзанын Советтер Биримдигине алгачкы жолу расмий сапарга аттануу үчүн виза алышына СССРдин президенти М.С.Горбачёвдун кеңешчиси, улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ролу чоң болгон.
Чыңгыз агай Аким Өзгөндүн Мүнхендеги үйүндө да ошол Кайра куруулар доорунда конокто болгон. Акимдин эки уулуна Нойон, Айкут деп Чыңгыз Айтматов ат койгон. Кенже уулуна Аким ага өзү бир байкесинин атына уйкаш болсун деп Эркут ысымын берген.
Ал кезде КТРден бир берүү уюштурулуп, Аким Өзгөндөн журналист мындай деп сурап калды:
“Сиз Германиянын Мүнхен шаарында жүрүп кыргызча таза сүйлөйт экенсиз. Себеби эмнеде?
Аким байке өзүнө таандык жумшак юмор менен:
“Анткени мен Фрунзе шаарында жашабайм да!” деп жооп узаткан.
Андан көп узабай эле, 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстандын Жогорку Кеңеши жалгыз кыргыз тилин “мамлекеттик тил” деп жарыялаган.
Аким Өзгөн агай 1990-жылдан тартып кабарчы катары “Азаттыкка” кыргызстандыктарды тартуу ишин баштады.
Мурдараак жазганымдай, ошентип, “Азаттык” үналгысы жалпы “Эркин Европа/Азаттык” үналгысы боюнча СССР кулай элек кезде өзүнө жергиликтүү кабарчы таба алган алгачкы кызмат (редакция) болуп калды.
Бул – кыргыз тилинде берүү уюштурган “Азаттыкка” гана упай алып келбестен, аны менен ачык кызматташууга дааган инсан чыккан кыргыз совет коомун да мактоого арзытат.
Бул алгачкы кабарчы – белгилүү түрколог окумуштуу, топонимист, тилчи Кадыралы Коңкобаев агай эле. Ал, жаш илимпоз чагында, 1990-жылы жана 1991-жылдын март айынын акырына чейин “Азаттыктын” туңгуч кабарчысы катары иштеди.
1991-жылы мартта К.Конкобаев Түркияга орток түрк сөздүгүн түзүү жаатындагы илимий сапарга кетти.
Аким Өзгөн мырза 1991-жылдын апрелинен тартып мени “Азаттыктын” экинчи кабарчысы катары кызматка алды.
1992-жылдан тартып “Азаттыктын” Бишкектеги өкүлчүлүгүн жетектеп калдым.
Аким Өзгөн 1992-жылдан тартып “Азаттыктын” берүүлөрүн Кыргызстанда орто толкунда жана башка жыштыктарда обого чыгарууга, “Азаттыктын” Бишкектеги бюросун ачууга жетишкен...
(Калганын бул макаладан окуңуз):
https://www.azattyk.org/a/hakim_ozgen_obituary_by-chorotegin/28393325.html
Т.Чоротегин
13.12.2025.
Аким Өзгөн - Ала-Тоого “Азаттыктын” көпүрөсүн орноткон инсан “Азаттык” үналгысынын мурдагы директору Аким Өзгөн 27-мартта дүйнөдөн кайтты.
14/07/2025
Кыргызстандын жарандык коому сөз эркиндигин аздектейт
Тарыхчы, публицист Тынчтыкбек Чоротегин менен маек
Салттуу демократиялык мамлекеттердин да кризиске дуушар болуп жатканы, эмне себептен болууда? “Азаттыктын”, BBCнин тагдыры.
Авторитардык коңшу мамлекеттердин Кыргызстанга болгон таасири. Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) феномени.
https://www.youtube.com/watch?v=waXqc8f07TA
“Демократия аралчасы” наамын кайтара алабызбы же жокпу? Тынчтыкбек Чоротегин менен маек
ShamanTV
02.7.2025
Adil Turdukulov
“Демократия аралчасы” наамын кайтара алабызбы же жокпу?Тынчтыкбек Чоротегин // Маек Салтту демократиялык мамлекеттердин да кризиске дуушар болуп жатканы, эмне себептен болууда? “Азаттыктын”, BBCнин тагдыры. Авторитардык коңшу мамлекеттердин ...
29/01/2025
Астана шеринесинин (25.1.25) айрым сабактары
Астана шеринесинен улам өзүм алган сабактардын айрымдарын ачыктай кетким келет.
Заманбап казакстандык тарыхчылар жана долбоор жетекчилери илимий жогорку серени камсыздоо үчүн чет өлкөлүк археолог, булак таануучу, архив таануучу жана башка адис тарыхчыларды өз илимий долбоорлоруна (маселен, 7 томдукту жазууга) кеңири тартышууда.
Ошого карабастан, алар дүйнө тарыхын, чөлкөм тарыхын жана Ажурт тарыхын чагылдырууда мурдагыдай Маскөө сыяктуу борборлорго идеологиялык жана башка өңүттөрдөн эч кандай кылчактабастан, өз алдынча идеологиялык-саясий турумун, методологиялык, усулдук мамилелерин иштеп чыга алышты.
Чет өлкөлөрдө туулуп-өскөн казак тектүү окумуштууларга толук ишеним жана мүмкүнчүлүк берилген. Маселен, Ч.Валиханов атындагы ТЭИнин Башкы директору, академик Зиябек Кабылдинов Орусиянын Омбу аймагында, ал эми Р.Б.Сулейменов атындагы Чыгыш таануу институтунун Башкы директору, профессор Дүкен Масимхануулу мырза (текестик кыргыздардын жээни) – КЭРдин ШУАРында жарык дүйнөгө келишкен.
Чет өлкөлөрдөн көчүп келип, Казакстандагы илимий мекемелерде (анын ичинде Эл аралык Түрк академиясында жана университеттерде) иштеп жаткан чет элдик чыгыш таануучу, түрколог, тарыхчылар жана башка адистер арбын. (Астанадагы жыйында АКШдан келип иштеп жаткан теги татар профессор Юлай Шамилоглу агай менен да кезиктим).
Казак тарыхчылары жалаң гана өз улутунун тарыхын изилдөө менен чектелбестен, Евразиянын кеңири мейкиндигинин тарыхын да изилдешүүдө.
Албетте, казак тарыхчылары чечиле элек көйгөйлөрдү да ачык айтып жатышты.
Олуттуу бир көйгөй – Орусиядагы айрым архивдик корлордун путиндик доордо казакстандык изилдөөчүлөр үчүн жарым-жартылай чектелип калгандыгы. 1990-жылдары колго эркин тийчү бир катар орусиялык архивдик даректүү маалыматтар эми иргелип гана бериле баштады, деп бир казак тарыхчысы бизге айтты. Бул көйгөй кыргызстандыктар үчүн дагы чоочун эмес.
Ал эми эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү үчүн күрөшүп жаткан Украинаны ачык колдоп сүйлөп койгон айрым таанымал казак тарыхчылары Орусияда “кара тизмеге” алынган.
Көйгөйлөрдүн бири – казакча тексттерди, орус, англис, түрк, кытай жана башка тилдерге жогорку деңгээлде которо алчу жана чет тилдерден казакчага которууга жарамдуу кесипкөй котормочу адистердин таңкыстыгы. Кантсе да, илимий терминдердин өзгөчөлүктөрү бар эмеспи.
Азырынча ушул саптар менен сөзүмдү аяктай турайын.
Эң башкысы – казак жана кыргыз тарыхчылары өз ара илимий кызматташтыгын ырааттуу улантышууда.
*******
Казак тарыхчыларынын Астанадагы илимий шеринеси 7 томдук жаңы китеп тууралуу талкуулады
https://www.azattyk.org/a/qazaq-taryh-sherinesi-cana-ceti-tomduq_2025_chorotegin/33292712.html
29.10.2025.
Т.Чоротегин
Казак тарыхчылары: Жаңы табылгаларыбыз арбын Жакында Казакстандын борбору Астана шаарында казак улутунун жана жалпы түркстандык чөлкөмдүн тарыхына арналган илимий жыйын өткөрүлдү. Анда жазылып бүтүк калган...
19/01/2025
Гэндэн 1935-жылы декабрда Сталинди "орустун жаңы падышасы болуп алыпсың!" деп сындаган
Сталинге ачык айбат кылган монгол мамлекеттик ишмери Пэлжидийн Гэндэн
https://www.azattyk.org/a/mongol_ishmeri_peljidiin_genden_2025_chorotegin/33281192.html
19.1.2025.
Т.Чоротегин.
Пэлжидийн Гэндэн Сталиндин саясатына ачык айбат кылган XX кылымдын 20–30-жылдарындагы Монгол Эл Республикасынын бараандуу тарыхый инсандарынын бири Пэлжидийн Гэндэн өз элинин Маскөө таңуулаган тоталитардык идеологияг....
Click here to claim your Sponsored Listing.
Category
Telephone
Website
Address
Azattyk
Bishkek
720000