Integrated Forest Ecosystems Management Project
🌲Ар бир жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өзүнүн тынымсыз жана асыл эмгеги менен токой байлыктарыбызды көбөйтүп, аны сарамжалдуу пайдаланууга салым кошкон адамдардын кесиптик майрамы белгиленет. Бугүн, Кыргыз Республикасынын токой тармагына 75 жыл!
🇰🇬Акыркы оңдогон жылдар аралыгында токой тармагы чоң ийгиликтерге жетишти, буга биздин Долбоорубуз да аз да болсо салым кошту. Токой чарбасынын ийгилиги — бул токой кызматкерлеринин күжүрмөн эмгегинин, биздин жаратылыш байлыктарыбыздын бүгүнкү жана келечегине кайдыгер карабаган бардык адамдардын эмгеги.
💚Долбоордун командасынын атынан токой кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз! Сиздерге чың ден-соолук, оптимизм жана келечекке ишеним, үй-бүлөңүздөргө бакыт жана бакубатчылык, чыгармачылык ийгиликтерди жана эмгек жамаатыңызга туруктуу өнүгүү каалайбыз!
12/08/2022
🏫С новосельем! Открылся новый офис Чуйского лесхоза
11 августа, в г. Токмок состоялось открытие нового офиса Чуйского лесхоза. В торжестве приняли участие министр сельского хозяйства КР Аскарбек Джаныбеков, глава-аким Чуйской районной государственной администрации Жыргалбек Шакиев, директор Лесной службы Алмаз Мусаев, мэр г. Токмок Урматбек Самаев, сотрудники лесхоза и Лесной службы.
✅Новый офис, площадью 219 м2, построен на месте прежнего аварийного здания, построенного в 1937 году. Строительство было начато в мае прошлого года Лесной службой при технической поддержке проекта «Интегрированное управление лесными экосистемами КР», финансируемого Всемирным банком и Глобальным экологическим фондом. Всего на строительство здания было затрачено 16,4 млн. сом.
👍Создание благоприятных условий труда является одной из приоритетных задач. Ведь комфортные условия на рабочем месте- это условия, обеспечивающие высокую производительность и эффективность рабочего процесса, сохранение здоровья сотрудников лесхоза. Такие условия могут мотивировать работников лесхоза более ответственно относится к своим функциональным обязанностям, - отметил министр сельского хозяйства КР Аскарбек Джаныбеков.
🌲Строительство нового офиса является частью реализации Планов интегрированного управления природными ресурсами Чуйского лесхоза (ПИУПР), где также было предусмотрено строительство теплицы, дом-кордонов, ирригационного канала, посадки лесных и фруктовых плантаций. По результатам реализации ПИУПР пилотным Чуйским лесхозом было привлечено государственных инвестиций на сумму более 55 млн. сом.
***********************************************************************
🏫Конуш кут болсун! Чуй токой чарбасынын жаңы конторасы ачылды
11-августта Токмок шаарында Чүй токой чарбасынын жаңы конторасынын ачылышы болду. Салтанатка Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жыргалбек Шакиев, Токой кызматынын директору Алмаз Мусаев, Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев, токой чарбасынын жана Токой кызматынын кызматкерлери катышты.
✅Аянты 219 м2 болгон жаңы контора 1937-жылы курулган эски авариялык имараттын ордуна курулган. Курулуш былтыр май айында Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасында токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу» долбоорунун техникалык колдоосу менен Токой кызматы тарабынан башталган. Жалпысынан имараттын курулушуна 16,4 миллион сом сарпталган.
👍Эмгекке ынгайлуу шарттарды тузуу артыкчылыктуу багыттардын бири. Анткени, жумуш ордундагы ынгайлуу шарттар — бул токой чарба кызматкерлеринин ден соолугун сактоонун, эмгек процессинин жогорку өндурумдуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуучу шарттар. Мындай шарттар токой чарбасынын кызматкерлерин өздөрүнүн функционалдык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга түрткү бериши мүмкүн, - дейт КР айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков.
🌲Жаңы конторанын курулушу Чүй токой чарбасынын Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу пландарын ишке ашыруунун бир бөлүгү болуп саналат, ал ошондой эле күнөскананы, үй-кордондорду, ирригациялык каналды курууну, токой жана мөмө-жемиш плантацияларын отургузууну камтыйт. Бул планды ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча пилоттук Чүй токой чарбасы 55 миллион сомдон ашык мамлекеттик инвестицияларды тартты.
Click here to claim your Sponsored Listing.
Category
Contact the organization
Telephone
Website
Address
Л. Толстого 3
Bishkek
Opening Hours
| Monday | 09:00 - 18:00 |
| Tuesday | 09:00 - 18:00 |
| Wednesday | 09:00 - 18:00 |
| Thursday | 09:00 - 18:00 |
| Friday | 09:00 - 18:00 |