Apgrade

Apgrade

Share

Photos from Apgrade's post 12/04/2020

Абитуриенттерди кабыл алуу процедурасы университет тарабынан жыл сайын уюштурулган студенттерди тандоо жана жайгаштыруу сынагы (Манас – СТЖС) жана Кыргызстандагы ЖРТнын жыйынтыктарынын негизинде өткөрүлөт.

Сынакка кимдер каттала алат? ЖРТнын жыйынтыгы боюнча (Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби жана көркөм өнөр факультетинде окууну каалагандарга талап кылынбайт) босого баллдан жогору алган абитуриенттер (110-дон жогору алгандар).

Сынакта Биология, Химия, Физика, Математика, География, Тарых, Тил, Адабият, Логика сабактарынан жалпы 120 суроо, чет тил сынагында 60 суроо берилет. Чет тил сынагы - Англис тили жана адабияты, Эл аралык мамилелер, Кыргызча-англисче котормочулук бөлүмүн тандаган абитуриенттер үчүн.

• Сынакка каттоо качан жана кайсы жерде жүргүзүлөт?
• Сынакка катталуу үчүн керектүү документтер?
• ЖРТнын жыйынтыгы менен тапшыруу?
• Жоопторго кандайча упай берилет?
• Сынакта эң аз канча упай алуу зарыл?
• Сынактын жыйынтыктары кандайча билдирилет?
• Бөлүм тандоо жана тандоо баракчаларын тапшыруу?
• Бөлүмдөргө жайгаштыруу

Ушул сыяктуу суроолорго кененирээк маалыматты www.exams.manas.edu.kg сайтынан алыңыз!

Борбордук Азия боюнча алдыңкы окуу жайлардын катарын толуктаган, дүйнөлүк заманбап окуу жай кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти болууну кимдер гана кыялданбайт. Жылына 10 миңдеген абитуриенттер кабыл алуу сынагына кирип, алардан эң мыктылары тандалып алынат. Сиз дагы, мыктылардын арасына кошулуп, кыялыңызды орундаткыңыз келсе, жакшылап даярданыңыз. "Манас" университети - мыкты студенттер үчүн!

Сизге ийгилик каалайбыз! ЖРТга биз менен даярданыңыз! ✔️kg www.apgrade.kg

#үйдөбол #уйдобол #жрт #жрт2020 #орт #жртгадаядоокурстары #жртдаярдык 🇰🇬 #жалалабад #ошо #талас #нарынкала #ыссыккол #каракол #карабалта #чолпоната #бостери #жрткурсу #жрткурс @ Bishkek, Kyrgyzstan

Photos from Apgrade's post 11/04/2020

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде факультеттердин саны 9, жогорку мектептердин саны 4, кесиптик жогорку мектептердин саны 1 ге жетип, аларда билим алган студенттердин саны 2018-2019 жылында 5613 студентти түздү.
Факультеттер:
1. Инженердик факультет
• Программалык инженерия бөлүмү
• Жаратылышты колдонуу жана экология бөлүмү
• Коомдук тамактанууну уюштуруу продукциянын технологиясы бөлүмү
• Химиялык технология бөлүмү
• Электроника жана электр инженерия бөлүмү
• Өнөр-жай инженерия бөлүмү
2. Гуманитардык факультет
• Тарых бөлүмү
• Түрколгия бөлүмү
• Чыгыш тилдери (Орус тили жана адабияты; кытай тили жана адабияты) бөлүмү
• Батыш тилдери (Англис тили жана адабияты) бөлүмү
• Социялогия бөлүмү
• Философия бөлүмү
• Психологиялык-педагогикалык кеңеш жана көмөк көрсөтүү бөлүмү
• Синхрондук котормо бөлүмү
3. Экономика жана башкаруу факультети
• Экономика бөлүмү
• Финансы жана кредит бөлүмү
• Менеджмент болүмү
• Эл аралык мамилелер бөлүмү
4. Коммуникация факультети
• Журналистика бөлүмү
• Коом менен байланыштар жана реклама бөлүмү
• Телевидение жана кинематография бөлүмү
5. Табигый илимдер факультети
• Биология бөлүмү
• Математика бөлүмү
• Колдонмо математика жана информатика бөлүмү
6. Айыл чарба факультети
• Бакча жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмү
• Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмү
7. Ветеринардык факультет
• Ветеринария бөлүмү
8. Көркөм өнөр факультети
• Графика бөлүмү
• Сүрөт бөлүмү
• Театралдык искусство бөлүмү
• Музыкалык искусство бөлүмү
9. Теология факультети
• Дин таануу бөлүмү
• Ислам таануу бөлүмү
10. Чет тилдер жогорку мектеби
• Кыргыз тили, орус тили, англис тили жана түрк тилин окутуучу даярдык курсу
11. Туризм жана мейманкана жогорку мектеби
• Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмү
• Саякат иши жана гид кызматы бөлүмү
• Туризм жана мейманкана иши бөлүмү
Жашообуздагы эң маанилүү кадамдардын бири, кесип тандоо. Андыктан эмнеге кызыгасыз, эмнеге жөндөмүңүз бар жакшылап байкап, келечекте ырахат алып иштей турган кесипти тандаңыз! .kg www.apgrade.kg Ийгиликке биз менен бирге! #үйдөбол #уйдобол #жрт #жрт2020 #орт #жртгадаядоокурстары #жртдаярдык 🇰🇬
@ Bishkek, Kyrgyzstan

11/04/2020

2019-жылы Борбор Азиядагы алдыңкы окуу жайлардын катарына Кыргызстандан эки окуу жай кирген, алардын бири Кыргыз-Түрк Манас университети. Университеттин аталышы легендардуу Манас атабыздын урматына коюлган. Аталган окуу жай 1995-жылы эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин негизинде ачылган. Окуу жайдын ректору Себахаттин Балжынын айтымында, учурда университте 16 мамлекеттен келген 20га жакын улуттун өкүлдөрү билим алышат. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандагы жана чет мамлекеттеги алдыңкы кызматтарда эмгектенишет. Алардын катарында жеке ишкерден тартып, премьер-министрдин маалымат катчысына чейин көтөрүлгөндөрү бар. Ошондой эле окуу жайдын студенттерине Мевлана алмашуу программасы аркылуу Туркия мамлекетинин окуу жайларында билим алып келүү мүмкүнчүлүгү каралган. 2018-2019 жылындагы статистика боюнча университетте билим алуучулардын саны 5613тү түзгөн. Кыргыз-түрк "Манас" университети акысыз окуткан жана коррупциянын жоктугу менен артыкчылыкка ээ. Дагы бир артыкчылыгы, студенттердин жетишкендиктери үчүн стипендиялар берилет жана алыстан келген же чет өлкөлүк студенттер үчүн эң мыкты шарттары менен жатаканалар каралган. Ошондой эле студенттер поликлиникасында акысыз медициналык кызматтар, ашканада кыргыз - түрк ашканасынын даамдуу тамакары арзан баада камсыз кылынат. Эң мыкты шартта, сонун мүмкүнчүлүктөр менен, акысыз жана сапаттуу билим алгыңыз келсе "Манас" университети сиз үчүн!kg, www.apgrade.kg ийгилике биз м.н бирге!manas.edu.kg #үйдөбол #уйдобол
#жрт #жрт2020 #орт #жртгадаядоокурстары #жртдаярдык 🇰🇬 #жалалабад #ошо #талас #нарынкала #ыссыккол #каракол #карабалта #чолпоната #бостери #жрткурсу #жрткурс

Want your school to be the top-listed School/college in Bishkek?
Click here to claim your Sponsored Listing.

Category

Website

Address

Bishkek